www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

52.

Теребел караңгылыктын койнуна житти.Бейшенбектин бабасы Дыйкан болуштун оюу ушул жерден толгонот.  Чаектин болушу Мырзабек манап кочкордун болушу Дыйкан манапты чакыртып, ошол коноктон кайтып келатып минип жүргөн аттарын от чалдырып жаткан Дыйкан болуш аттарды кайра токуп, жол жүрүүгө кам көрүүгө жигиттерине  буйрук берет. Жерге көрпөчөлөрүн салып, кырданып жаткан Дыйкан болуштан обочороок отурушка жигиттери аттардын ооздуктарын салып, ээрин токуп, жолго камданышат.Анан Дыйкандын оюна Мырзабектин айткандары келди.

“Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт” –деген сөздүн төркүнү төгүн эмес. Учуру келгенде болуштукту талашкан, канаатташ жашаган Мырзабек болуш менен Турусбек манап ынтымак отун тамыза албай коюшкан. Ушу эл жакшыларынын жер –суу талашып, бири –бирине тиш кайрашып, кекенишип, басташып турган учуру. Мырзабек сөөмөй кесеп, Турусбекти күнөөлөйт, Турусбек Мырзабекти. Эки манап ошентип, тил табыша албай, жоолашып, көө сүйкөшүп, ылай –баткак чабыша берди. Бир ирет Мырзабек болуш Куйручукту чакыртып:

-Куйручук эр элең! Үйүң күйгүр Турусбекти менин алдымда ыза кылып уруп бербейсиңби? Ушунуку мага өтүп жатат! –деди болуш күлүмсүрөп.

-Турусбекти уруп берсем, эмне бересиң?

- Айтканыңды берем.

- Каракашка аргымакты мага алып берсең, уруп берем! –деген шартын Куйручук айтат. Мырзабек болуш шыдыр макул болду.Чаектин болушу Турусбек манапты конокко чакырмай болду. Экөө кеңешип кептешип ушул такилипке токтоду.

Турусбектин айылы ыраак эмес. Береги Жумгал суусунун аркы өйүзүндөгү Беш –Теректе. Дөбөгө чыгып кыйкырса деле, кишинин үнү угулгудай жерде. Болуштун чабарманы аттын оозун койо берип, жетип барса Турусбек манап үйдө экен. Атайын ызааттап чакырган соң, жоолашкандардын деле ата - баба салты боюнча конокко келмеги парз. Анын үстүнө Мырзабек болуш өзү ийилип жатса, балким кечирим сурап, кеп - сөзгө келгени жаткандыр. Турусбек манап акыл тегеретип, ушундай бүтүм чыгарат.

 Турусбек эки жигитин ээрчитип, аттан түштү. Жандаган жигиттерин башка үйгө киргизишип, жасалгалуу чоң конок үйгө Турусбек манап, Куйручук жана Сартмолдо жайгашты. Турусбек Куйручукту жакшы тааныйт, бирок ал манаптык бой көтөрмөлүгүнө салып, аны таанымаксан болду. “Сен ким элең?” –деп да койгон жок. Манаптын өөдөсүнүп, манчыркашы Куйручуктун кучунашын ого бетер күчөттү.

Эт бышкан убак келди. Дасторкон үстү серпилип, колго суу куюлду. Жез чарага булоологон тайдын эти тартылды. Ушул учурда Мырзабек болуш ичи оорумуш болуп, курсагын колу менен басып сыртка чыгып кетти.

Турусбек манап этти Куйручук устукандап, туурап берет деген ойдо кербезденип, бой көтөрүп отурду. Куйручук берки экөөнү “алгыла” дебеди. Өзү табакка кол салып, жакшы устуканды тандап, чүйгүндөтө шашпай тамшанып жеп отура берди. Бул эмнеси дегенсип молдо манапты, манап молдону тиктейт. Куйручук байкамаксан болуп, алардын напсисин ого бетер ачып, казы –карта сугунат, шорпону шоркурата ичип, тамшанып койот.

Турусбек манаптын ачуусу шакардай кайнап, чыдамы бүттү:

-Эй, этти устукандабайсыңбы? –деди, Куйручукту көзүнөн чаарын чыгара тиктеп.

-Эмне колуң жокпу? Алып жей бербейсиңби? – деп чыр чыгарууга себеп таппай турган Куйручук.

-Сен каяктагы акмаксың? –деп жиберди Турусбек манап.

Чырга шылтоо таппай жаткан Куйручукка шыноо табылды:

-Мен акмак эмесмин, алдыңа тарткан тамакты жөн жебеген, сен акмаксың! –деп туталанымыш этип, ал Турусбек манапты басып жыгылды.

Сартмолдо коркуп кетип кыйкырып жиберди. Мырзабек болуш шашкан түр көрсөтүп, жигиттери менен эшиктен кирип келди. Куйручук Турусбек манапты жыгып алып, керегени сүздүрүп, капталга койгулап, муунтуп жаткан, жигиттер арачалап калышты.

-Мырзабек, каяктагы бир акмак менен табакташ кыласың! –деп Куйручук өтүгүнө кыстарылган жылан боор камчысын сууруп алып, Турусбек манапты сабап кирди. Өмүрүндө биринчи жолу бирөөдөн муштум жеп, ыза уусуна чыланган манап шыр аттанып кетти.

Кийин Турусбек манап Куйручук менен жолугуп калат:

-Капыр десе, Мырзабектин тилине кирип, баягыда мага колуң тийди го. –дейт манап.

-Сен да мага бир аргымак бер! Эми, сага Мырзабекти сабап берейин! –дептир анда Куйручук.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

Последние новости