www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто ИИМ офицери киши колдуу каза тапты

Кыргызстандын Ош шаарында кечээ күнү Ички иштер министрлигинин Mыйзамсыз баңгизаттарды жүгүртүүгѳ каршы күрѳшүү боюнча Ош шаары, Ош облусу боюнча башкармалыгынын тескѳѳчү-коменданты милициянын подполковниги T.Уларовдун киши колдуу болуп ѳлтүрүлгѳн денеси табылган.

Ош шаардык милициясы: «23-март күнү саат 15.30 чамасында Ош шаарына караштуу Учар айылынын канал бойлой кеткен Набережная кѳчѳсүндѳ жолдун боюнда токтоп турган кѳк түстѳгү «Митсибуси» үлгүсүндѳгү автомашинанын ичинен 1973-жылы туулган, КР ИИМдин мыйзамсыз баңгизаттарды жүгүртүүгѳ каршы күрѳшүү боюнча Ош шаары, Ош облусу боюнча башкармалыгынын тескѳѳчү-коменданты милициянын подполковниги Уларов Таирбектин киши колдуу болуп ѳлтүрүлгѳн денеси табылган. Алгачкы тергѳѳнүн маалыматына караганда кызматкер башынын арткы тарабына оор нерсе менен урулган соккудан каза болгон. Маркум 21-март күнү үйдѳн чыгып кеткен боюнча келген эмес экен»,-деп билдирди.

Бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканы айтылды. Тергѳѳ иштерин ИИМдин уюшулган кылмыштуулукка каршы күрѳшүү башкы башкармалыгынын түштүк аймактык башкармалыгы жүргүзүүдѳ дейт Ош милициясы.

Милициянын жогорку кызматтагы жетекчилери киши колдуу каза тапкан окуялар буга чейин да катталган. 2008-жылы 39 жаштагы милициянын полковниги Анвар Алиевди үйүнө жакын жерден атып кетишкен. Мындан бир нече жыл мурда милициянын полковниктери Чыныбек Алиев, Уран Алиевдер да киши колдуу каза табышкан эле.

2013-жылы январь айында Ош шаарында 35 жаштагы милиция полковниги Толкунбек Шоноевди өз үйүнүн жанынан, кызматтык автоунаасынын ичинен атып кетишкен.

Булак: "bbc.com"

Последние новости