www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында өткөн митингде кармалгандар бошотулганын аймактык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Төрт жаран милицияга сурак берип, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин кое берилген.
Эскерте кетсек, шаарда акыркы жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү борбордук базардын соодагерлеринин митингги өттү. Алар соода түйүнүн Жапалакка көчүрүлүшүнө каршы чыгып, жаңы базар ачылганча аларга иштөөгө уруксат берүүнү талап кылышты.
Белгилей кетсек, 14-июль күнү Ош катуу сел жүрүп, Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги базарга ашып, ишкерлердин товарларын жана бир аялды агызып кеткен. 19-июль күнү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ошко барып, эки айдын ичинде соода жайын Жапалакка көчүрүүнү тапшырган.
Мэрия кечээ базар эми Осмонов көчөсүндөгү «Мегаполис» соода түйүнүнүн жанына куруларын кабарлады.