www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эскертүү! Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 23-26-июль күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын төмөнкү тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт:

Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда,

Жалал-Абад облусунун Сузак, Ала-Бука, Аксы, Токтогул, Ноокен райондорунда;

Ош облусунун Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат, Алай жана Кара-Суу райондорунда;

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда;

Чүй облусунун Аламүдүн, Ысык-Ата, Чүй жана Кемин райондорунда;

Нарын облусунун Нарын, Жумгал, Ат-Башы райондорунда;

Талас облусунун Ч.Айтматов, Бакай-Ата жана Талас райондорунда;

Ош шаарынын аймактарында.

Последние новости