www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Хорватияда Карылар үйүндөгү куралдуу кол салуунун чоо-жайы иликтенип жатат. Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, кеминде алты кишинин өмүрү кыйылды.

Окуя 22-июлда эртең менен өлкөнүн түштүк аймагындагы Даруваре шаарында болду. Кол салууга шектүү киши кармалды. Каза болгондор арасында анын апасы бар экенин жергиликтүү полиция маалымдады.

Кол салган киши мекеменин ичине тапанча менен кирип барып, апасына жана башка адамдарга, кызматкерлерге ок чыгарган. Беш киши ошол жерден, алтынчысы ооруканадан көз жумду. Каза тапкандардын орточо курагы 90 жаш экенин Хорватиянын премьер-министри Андрей Пленковичке таянып Večernji list гезити жазды.

Каза тапкандар мындан да көп болушу ыктымал экени, анткени бир нече киши азыр ооруканада жатканы, экөөнүн абалын дарыгерлер өтө оор деп баалап жатышканы маалымдалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости