www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзамдуу ишкердикке тоскоолдук кылгандар жазаланат

Президент Садыр Жапаров “Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамдын максаты Кыргызстанда экономикалык иш жүргүзгөн ишкерлерди жана инвесторлорду коргоону күчөтүүгө багытталган.

Мыйзам менен КР Кылмыш-жаза кодексине, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилди.

Алсак, КР Кылмыш-жаза кодекси кызмат адамы тарабынан өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен мыйзамдуу ишкердик ишине тоскоолдук жаратуу үчүн жоопкерчилик караган жаңы 3381-берене менен толукталды.

Мындан сырткары, кызмат адамдарынын ишкердик субъекттерине мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзүүсү же алардын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылуусу үчүн КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 436-беренесинде көрсөтүлгөн жоопкерчилик күчөтүлдү.

Ошону менен бирге ишкерлер жана инвесторлорго карата бөгөт коюу чараларын колдонуу жөнүндө маселени кароодо кабыл алынган мыйзам сотторду биринчи кезекте электрондук билериктерди (электрондук байкоо жүргүзүү), күрөө же үй камагын колдонууну кароого милдеттендирет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Последние новости