www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Өзгөн районунда өз атасы 17 жаштагы кызын зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17 жаштагы кыздын апасы милицияга арыз менен кайрылган.

"Анда апасы кызын өз атасы зордуктаган деп билдирген. Алгачкы медицианлык экспертизанын жыйынтыгында кыз зордукталбаганы аныкталган. Бирок жабырлануучу тарап буга макул болбогондуктан кайра экспертиза дайындалды. Ошондой эле арыз жазган эне менен кызына карата психикалык экспертиза дайындалды.

Шектүү катары атасы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бүгүн, 23-апрелде анын баш коргоо чарасы каралат", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости