www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык аял жолдошу жиберген беш миң долларды коротуп салганы үчүн коркуп, өзүнө кол салуу уюштурган. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден билдиришти.

2020-жылдын 29-декабрында 42 жаштагы Э.Г. аттуу аялдан арыз түшкөн. Анын айтымында, үйүнө бет кап кийген белгисиз эки киши кирип келип сабап, беш миң долларын алып кеткен.

Факты боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө учурунда аял мындай сценарийди мурдагы жолдошу менен ишке ашырганы аныкталган. Тартип сакчылар 42 жаштагы Э.Г. менен 39 жаштагы С.О. деген шектүүлөрдү милициянын бөлүмүнө жеткиргенден кийин алар күнөөсүн мойнуна алышкан.

«Аял жолдошу чет өлкөдөн жиберген акчасын коротуп салгандыктан коркуп ушундай кадамга барганы белгилүү болду», — дешти милициядан.

Учурда тергөө амалдары уланып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости