www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында пландаштырылбаган концертке билет сатып, жарандарды алдаган деген шек менен жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1989-жылы туулган М.С. аттуу жаран бир адамды Өзбекстандын эстрада жылдыздарынын концертин Ошто уюштурарын айтып алдап, андан 10 миң доллар алган. Кийин убадасын аткарбай, изин жашырып кеткен.

Мындан тышкары, шектүү 2026-жылдын август айында Instagram, Facebook жана Telegram социалдык тармактары аркылуу 26-сентябрда Ош шаарындагы «Бабур» театрында Өзбекстандын эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң шоу-концерт өтөрүн жарнамалаган.

Ал концертке билеттерди 2 миңден 4,5 миң сомго чейин сатып, жарандарды алдаган. Учурда милицияга кайрылган жабырлануучулардын саны тогуз адамга жетти.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Шектүүнүн баш коргоо чарасы 19-сентябрда Ош шаардык сотунда каралып, аны эки айга камакта кармоо чечими кабыл алынган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жабырлануучулар же бул жарандан алданган башка жарандар болсо, Ак-Буура милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылууну өтүндү.

Последние новости