www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык УКМКнын имаратына ИИМдин атайын отряды кирип барды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, бүгүн, 20-январда ИИМдин атайын багыттагы 20га жакын кызматкери түштүк борбордо жайгашкан УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын имаратына кирип барышкан.

Тергөө иштерин Кыргызстандын Башкы прокуратурасы жүргүзүүдө.

Алдын ала маалыматтарга караганда, күч органдары өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылган деген шек менен УКМКнын облустагы тергөөчүлөрүн кармашууда.

Учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратында жагдайды текшерүү жүрүп жатат. Кире бериште эки укук коргоо органынын кызматкерлеринин ортосунда массалык мушташ орун алды.

 

 

Последние новости