www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунда "Хизб-Ут-Тахрир аль-Ислами" диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү экстремисттик идеологиялардан баш тартышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында УКМК "Хизб-Ут-Тахрир аль-Ислами" диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүн аныктап, аларга карата профилактикалык иш-чараларды жүргүздү.
2023-жылдын 10-августунда "Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами" уюмунун ишмердүүлүгүнө Кыргызстандын аймагында тыюу салынгандыгы, ошондой эле диний-экстремисттик багыттагы идеяларды тараткандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралгандыгы боюнча КР жарандары А.О.М. жана М.М.га соттун чечими жетгизилди.
Профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, Кыргызстандын А.О.М. жана М.М. аттуу жарандары экстремисттик идеологиялардан баш тартып, жарандарды “Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами” уюмунун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алдырбоого чакырышты.
Бул багыттагы иш-чаралар улантылууда.
Булак: NazarNews.kg