www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын Коргоо министри Ли Шанфу 16-августтан 18-августка чейин Беларуска жасаган иш сапарынын алкагында өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн бир нече аскердик объектилерин кыдырууну пландоодо. Бул тууралуу Беларустун Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"16-18-август күндөрү Борбордук Аскердик Кеңештин, Мамлекеттик кеңештин мүчөсү, Кытай Эл Республикасынын Коргоо министри, генерал-полковник Ли Шанфу Беларусь Республикасына расмий иш сапары менен келди", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Иш сапардын алкагында Беларустун Коргоо министрлигинин жетекчилиги менен "өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө эки тараптуу аскердик кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо" үчүн жолугушуулар пландаштырылган". "Ошондой эле Кытайдын Коргоо министрлигинин башчысынын Беларусь Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн бир катар аскердик объектилерине баруусу күтүлүүдө", - деп кошумчаланат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg