www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясынын жамааты президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты.
Алардын айтымында, Башкы прокуратура жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиги аталган окуу жайдын материалдык-техникалык базасын мыйзамсыз алып коюшкан.
"Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрдын №435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык, билим берүү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана жакырчылыкты кыскартуу үчүн маанилүү инвестициялардын бири болуп саналат.
Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясы (мындан ары - ЭБУФжБА) Илимий-билим берүү мекемесинин жамааты мамлекеттик органдардын биздин окуу жайга карата мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин кепилдиги катары Сизге кайрылат.
ЭБУФжБА - бул лицензияланган, аккредитацияланган окуу жай, Фрунзе кооперативдик техникумунун мыйзамдуу мураскери болуп саналат, анын салтын улантуу менен экономика, укук жана маалымат технологиялары жаатында эмгек рыногунда талап кылынган квалификациялуу кадрларды даярдайт жана билим берүү ишинен алынган өз каражаттарынын эсебинен өзүнүн материалдык-техникалык базасын өнүктүрөт.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (мындан ары - Башкы прокуратура) 9-август, 2023-ж. №15/2-288 каты менен ЭБУФжБАга окуу корпусун жана студенттик жатакананы Башкы прокуратуранын ыкчам башкармалыгына өткөрүп берүү жана мүлктү кабыл алуу-өткөрүп берүү процессин баштоо зарылдыгы жөнүндө кабарлаган. Башкы прокуратуранын мындай иш-аракеттерине Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Маммүлк) буйруктары негиз болуп саналат.
2023-жылдын 26-июлундагы №378-п буйругу менен, Маммүлк, "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Бишкектеги филиалында Бишкек ш. Белорус көч.6 жана 6а дареги боюнча ЭБУФжБАнын окуу корпусун, студенттик жатаканасын жана жер участогун «мамлекеттик менчикке» мыйзамсыз каттаган!
31.07.2023-ж. №389-п буйругу менен, Маммүлк башкармалыгы Бишкек шаарынын Белорусская көч., 6 жана 6а дарегиндеги окуу корпусун жана студенттик жатакананы Башкы прокуратуранын ыкчам башкармалыгына мыйзамсыз өткөрүп берген.
Бирок, 1963-жылдын 18-февралындагы №155 Кыргыз ССРинин Эмгекчилер депутаттарынын Фрунзе шаардык кеңешинин аткаруу комитетинин чечиминин негизинде, окуу корпусун жана жатаканасын куруу үчүн Бишкек ш., Белорус көч., 6, дареги боюнча жогоруда көрсөтүлгөн 1,9 га өлчөмүндөгү жер тилкеси мөөнөтсүз пайдалануу укугунда Фрунзе кооперативдик техникумуна бөлүнгөн.
Фрунзе кооперативдик техникумунун окуу корпусу жана жатаканасы эч качан мамлекеттик менчик болгон эмес, анткени ал мамлекеттик каражаттарга эмес, СССРдин Керектөө коомдорунун борбордук союзу тарабынан бөлүнгөн кооперативдик каражаттарга курулган. Андан тышкары, Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Конституциясы, 1978-жылы 20-апрель менен (10-бер.), колхоз-кооперативдик менчик мамлекеттик менчиктен мыйзамдуу түрдө бөлүнгөн!
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (мындан ыры – Конституция) Мамлекеттик бийлик мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын эл алдындагы конституциялык-укуктук жана башка жоопкерчилигинин принцибине негизделет деген принципти жарыялайт (4-берене). Кыргыз Республикасы өз жарандарынын жана юридикалык жактарынын менчигин коргойт жана мүлктү алып коюуга соттун чечими боюнча гана, мыйзамда белгиленген тартипте бул мүлктүн наркынын жана мүлктү ээликтен ажыратуунун натыйжасында келтирилген чыгымдардын ордун адилеттүү жана алдын ала камсыз кылып берүү жолу менен жол берилерине кепилдик берет (15-берене.).
Урматтуу Садыр Нургожоевич,
Башкы прокуратуранын жана Маммүлктүн мыйзамсыз аракеттери биздин окуу жайдын материалдык-техникалык базасын мыйзамсыз алып коюуга, ал эми лицензиясы бар, аккредитацияланган жана көп жылдык тарыхы бар ийгиликтүү окуу жайдын билим берүү ишинин токтотулушуна алып келиши мүмкүн.
Учурда, окуу процесси башталарга эки жума калганда, студенттер жана окутуучулар сыртта калышы мүмкүн!
ЭБУФжБА - бул жаштардын билим алуусуна өз салымын кошуп жаткан 150дөн ашуун кызматкер ак ниет эмгектенип келген Кыргызстандагы ЖОЖдордун бири, анда 150дөн ашык үй-бүлө багуунун жалгыз булагынан ажырап калышы мүмкүндүгү турат. Бул укуктары бузула турган 1500дөн ашуун студент. Студенттер башка окуу жайларына өтүүгө аргасыз болушат. Которулуу, академиялык айырмачылыкты тапшырууну билдирет, бул эреже катары, курсту жоготуу менен ишке ашып, студенттердин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн каржы абалын начарлатат, анткени ЭБУФжБАдагы контракт наркы башка жогорку окуу жайларына салыштырмалуу аз камсыз болгон жарандар үчүн да жеткиликтүү.
Мындан «Эмне үчүн биздин окуу жайды жабууну каалашат?» деген акылга сыйбаган суроо туулат. Кантсе да, биз казино же көңүл ачуучу жай эмеспиз. Билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүп келебиз! Биз студенттерге кесиптик көндүмдөрдү, сынчыл ой жүгүртүүнү үйрөтөбүз, өз алдынча, демилгелүү, эң башкысы өзүн-өзү өнүктүрүүгө жөндөмдүү инсанды калыптандыруунун үстүндө иш жүргүзөбүз.
Окуу корпусубуз, студенттик жатаканабыз жана жер тилкебиз жамаатыбыздын күчү менен талаптагыдай абалда, бардык лицензиялык талаптарга жооп берип, борбор калаабыздын кадыр-барктуу районунда жайгашканы үчүн гана бизди жапкысы келет! Бул рейдерлик! Ар бир нерсени өз аты менен аташыбыз керек.
Билим берүү жакырчылыкты кыскартуунун жана экономикалык өсүштүн эң күчтүү куралдарынын бири. Мамлекет билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылууга тийиш, ал мезгилдин талабына жооп берүүгө, ушуга байланыштуу ар бир адам үчүн сапаттуу жана жеткиликтүү болууга тийиш,
Урматтуу Садыр Нургожоевич,
Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясы Илимий-билим берүү мекемесинин жамааты менен студенттери Башкы прокуратура менен Маммүлктүн мыйзамсыз иш-аракеттерин токтотууну, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке менчикке, эмгекке жана билим алууга болгон концтитуциялык укугун коргоп, түзүлгөн кырдаалды акыйкат чечүүнү камсыз кылууну өтүнөт.
Урматтоо менен, ЭБУФжБАнын студенттеринин жана эмгек жамаатынын атынан, Ректор, билим берүүнүн эмгек сиңирген кызматкери, профессор К. М. Назарматова", - деп айтылат кайрылууда.
Булак: NazarNews.kg