www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында "Казак" каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош облустук соту билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-май күнү Ош шаардык сотунун өкүмү менен соттолуучу М.У. 161-берене "жашы жете электигин билип туруп зордуктоо" менен күнөөлү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылды.
Бул иш боюнча соттолуучуга карата бөгөт кою чарасы катары тандалып алынган үй камагы түрү өзгөртүлүп, камакка алынуусу көрсөтүлгөн. Белгилей кетсек өкүм акыркы эмес жана нааразы тарап аппеляциялык тартипте Ош облустук сотуна даттанууга укуктуу.
Буга чейин кылмыш чөйрөсүндө "Казак" каймана аты менен белгилүү М.У. Ош шаарындагы "Скай-бар" түнкү эс алуу борборунда 23 жаштагы тургун менен сөз талаша кетип, аны миздүү нерсе менен желкесине жана оң каруусуна сайып, андан ары изин жашырып кетен. Андан кийин анын үстүнөн Ош шаарынын тургунунан арыз келип түшкөн. Анда 16 жаштагы кызды шектүү күч колдонуп, Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунда зордуктап койгону жазылган.
17-январда судья Айнура Сулайманованы ээлеген кызматынан мурда бошотуу жөнүндө жарлыкка президент кол койгон. Судья Айнура Сулайманова 8-январда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү Умар Маратовду (Казак) үй камагына чыгарган. Анын мындай чечими коомчулукта чоң талкуу жараткан.
Булак: NazarNews.kg