www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунда 4 ай ичинде жол кырсыктан 342 адам жаракат алып, 21 адам каза тапкан. Бул тууралуу Ош облустук прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын 4 айына салыштырмалуу 31,12%га көп. Быйыл 4 ай ичинде жол-транспорт кырсыктары боюнча маалыматтык электрондук журналга 264 билдирүү катталып, 154 кылмыш иш козгоодон баш тартылып, 23 кылмыш иш козголгон.

Жогоруда көрсөтүлгөн жол-транспорт кырсыктарын райондорго бөлүп караганда: Кара-Суу району - 80, Өзгөн району - 83, Ноокат району - 63, Кара-Кулжа району - 9, Алай району - 6, Араван району - 17, Чоң-Алай району - 5. Жол-транспорт кырсыктары боюнча козголгон 10 кылмыш иштин ичинен 6 кылмыш иш соттук кароого жиберилип, 3 кылмыш иш өндүрүштөн кыскартылган, 1 кылмыш иш өндүрүштөн токтотулган.

«Жогоруда көрсөтүлгөн жол-транспорт кырсыктарынан улам 342 адам ар кандай дене жаракаттарын алып, 21 адам каза тапкан. Анын ичинен 56 кырсык балдардын катышуусу менен болуп, 69 бала дене жаракаттарын алып, 3 бала каза тапкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости