www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Жерүйдөн" атайын ишкерликке делип бөлүнгөн каражатты кымырган коррупциялык схемага шектелип камалган Талас облусунун мурдагы губернатору Бакытбек Нарбеков 2 миллион сом төгүп түрмөдөн чыкканы айтылды.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев: "Коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы башталат. Коррупцияга айыпталып камалган коррупционерлер мындан ары абактан чыкпайт, ичкен-жегенин он эсе төлөйт, үй-мүлкү, тапкан ташыганы мамлекетке алынат", - деди эле, анын бири жок го?.. Айткан сөзү менен иш жүзүндөгү факты эки ача чыгып жатат.
Эки миллион сом төлөп чыкты деген Бакытбек Нарбековдор мамлекетке 7 миллион сомдук зыян келтирилген делип камалышкан. Анан жеген-ичкенинин азганактай бөлүгүн төгүп жазадан кутулуп кеткени кандай? Ошондо Ташиевдин сөзү, убадасы суу кечпей калдыбы?
Булак: NazarNews.kg