www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2010-жылы укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жана аскер кызматкерлерин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн жана издөөдө жүргөн кыргыз жараны Х.Д.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын бсма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-августта издөөдө жүргөн Ош облусунун Кара-Суу районунун 1973-жылы туулган кыргыз жараны Х.Д.А. чет мамлекеттин аймагында кармалды.

Кармалган адам 2010-жылдын июнь айында Ош облусунда болгон массалык баш аламандыкка активдүү катышкан деп шектелип, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айылында Коргоо министрлигинин кызматкерлери менен укук коргоо органдарынын кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катыштыгы бар деп шектелүүдө. 

Козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган жаран Ош шаарындагы 5-тергөө камак жайына киргизилет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости