www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин ата мекендик видеооюндарды тышкы рынокторго, атап айтканда БРИКСке (Россия, Индия, Бразилия, Кытай, Түштүк Африка) чыгаруу боюнча сунуш даярдоону тапшырды. Бул тууралуу Кремлдин расмий сайтында жазылат. 

Маалыматка ылайык, тиешелүү тапшырманы президент "Россия Федерациясында креативдүү экономиканы өнүктүрүү" көргөзмөсү менен таанышкандан кийин берди.

"Россиянын Экспорт борбору акционердик коому, Стратегиялык демилгелер агенттигинин автономдуу коммерциялык эмес уюму менен биргеликте жаңы долбоорлорду илгерилетүү үчүн даярдоо жана ата мекендик видеооюндарды жана аларда колдонулган россиялык программалык камсыздоону тышкы рынокторго, анын ичинде БРИКСке жайылтуу боюнча сунуштарды киргизүү", - деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, тапшырманы аткаруунун акыркы мөөнөтү 30-сентябрда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости