www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ынтымак" жана "Достук" көк бөрү командаларынын оюнчулары Ош шаарында өткөн президенттин кубогунун финалынан кийинки башаламандыктан соң чогуу кайрылуу жасашты.

Анда командалар капитаны күйөрмандарга ачууга алдырбоого чакырды. Ал эми "Достук" командасынын оюнчусу Манас Ниязов "Ынтымак" командасын жеңиши менен куттуктап, капитаны Кыяз Ниязов күйөрмандардын атынан кечирим сурады. 

"Күйөрмандар тарабынан бир аз талаш-тартыштар болуп кетти. Алардын атынан биз кечирим сурайбыз. Оюндагы ызы-чуулар оюн талаасында эле калат, оюндан кийин биз бир тууганбыз", - деген ал.

Эске салсак, 31-августта президенттин кубогунун финалында "Ынтымак" жана "Достук" командалары оюн талаасына чыгып, "Ынтымак" командасы 2:1 эсебинде жеңип алган. Оюндан соң күйөрмандар нааразы болуп калыска жана жеңүүчү командага желим бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. 

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости