www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапаровдун сөзү өтө калориялуу болгондуктан, тамагы жок эле мугалимдер ток жүрүүгө туура келет. «Дракон» Жапаровдун зодиак белгиси «дракон». «Кудайдан жөө качкан» деп мугалимдерге асылат. Мунун калориялуугу 100 пайыз.Жапаровдун 2010-жылы өзү Таластан жөө качканы бар. Бир чети карасаң Жапаров деле туура айтат, анткени мугалимдердин арасында деле кудайдан жөө качкандар бар. «Кудайдан жөө качса да» мугалимдер Жапаровдой алкымы кенен эмес.

«Бүлүнгөндөн бүлдүргү алба» -дейт кыргыздар. Калмактарда болсо «Бүлүнгөн жерди бүлүнтүп ал» деп койот. Акылбек Жапаров деген ырыс кесер кудай урган неме... Бир жылдары финансы министри боло калып туулган жери Кочкордо жер титиреп эл ыйлап жатса, Жапаров сүйүнүп жатпайбы. Көрсө ага элдин үйүнүн талкаланганы бир тыйын экен, Кочкордо жер титиреди деп акча бөлүп тең жарымын жеп «ДАМАСты» курганы чепуха, Ишеналы Арабаев, Ак-Жар урап калган мектептерин курам деп миллиондорду ашап ал мектептер жаңы курулганы менен азыркы күнү ашмалтайы чыгып, эски мектептер сымал делбелектеп кээ бир жактары урап турат. Дардаңкүү сиркенин ичегисинен кан тапкан Жапаров «Бир бол» партиясы менен парламентке келип ар кимге тишин көрсөтүп үрүп , ырсайып жүрө турган. Фамилиялашы Жапаров мамлекет башына келер менен  адегенде финансы министри болуп жүрүп, көп өтпөй өкмөттү жетектей баштаган.

 Жапаровко окшогон «күн карамалар» гана элдин байлыгын приватташтырууда чоң «ийгиликке» жетишип, Атамбаевдин көзүнүн тегереги менен айланып, СДПКнын штабын жетектеп, АША ашаган «Киравтомаштын» бир капталын кошо ашашып муратка жеткен. Акаевдин парламенттине түлкүдөй сойлоп кирип, «Кумтөрдүн» алтынын жайлаш үчүн аны көкөлөтүп мактап жүрүп. Бүгүн үшүгөн табарсыктай  жерге чаап алды. Усубалиев аксакалды сакалынан сүйрөп түшүрүүгө ждасаган аракети капысынан революция менен коштолуп, Жапаров «март баатырына» айланган. Анын ач көздүгүн сезген Бакиев финансы министринен биякка жылдырып койгон. Болбой эле колоктоп колун салып жүрүп, Таластыктардын торуна түшүп кала жаздаган. Жоолугун салына качкан Жапаровду таластыктар артынан кубалап жетмек, бирок ал бере турган долларлары шилекейди агызып жиберди окшойт. Таластыктардан эптеп кутулган соң түз эле кайрадан Атамбаевге «атака» жасап, Куловдун жардамы менен финансы министри болгон. Атамбаев көчүккө тээп кубалап мотору өчкөн машинадай үнү чыкпай жүргөн, кайрадан финансы министрин алып, кошо жешкендерди шыбап отурган. Эми өкмөт башына келиптир.  Жапаровдун сөзү өтө калориялуу болгондуктан, тамагы жок эле ток жүрүүгө туура келет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости