www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 1-сентябрда республиканын тоолуу жерлеринде жаан себелеши ыктымал, ал эми дыйканчылык аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +23...+28, Талас аймагында +17...+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көл чөлкөмүндө +20...+25 жана Нарын жергесинде +21...+26 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +24...+26, Ош калаасында +29...+31 градусту көрсөтөт.
Булак: NazarNews.kg