www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 31-августта Ошто көк бөрү боюнча президенттин кубогуна болгон оюндан кийин чыккан массалык баш аламандык боюнча УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев үн катты

Анын айтымында, 5-10 адамдын кылган иш-аракеттеринин негизинде көпчүлүк эмоцияга алдырып жиберишти. 

“Бул деген спорт, оюн. Ким утат, ким утулат, ошон үчүн спорт. Утулган тарап ачуулукка алдырбаш керек. Мен тапшырманы бердим, коопсуздук органдары ошол жердеги баардык вилеолорду, фактыларды топтошуп, ким баштаса, ким себепчи болсо, ар бирине мыйзам чегинде чара көрүлөт”,-дейт УКМК башчысы.

Белгилей кетсек, жогорку лигада “Ынтымак” жеңди. Финалдык беттеште “Ынтымак” менен “Достук” кез келип, эсеп сандар 2:1 менен “Ынтымактын” жеңиши менен аяктаган.

Маалым болгондой, оюн массалык башаламандык менен аяктады. Күйөрмандар калыска нааразы болуп, оюн талаасына чуркап жөнөшкөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча “Ынтымак” курама командасына таш ыргытылып, калысты сабап салышкан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости