www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бакыт Жетигенов Ош шаарын гүлдөтүп жатат

Ош шаарынын мэри Бакыт Жетигенов ачык айтканда чыныгы иш билги мыкты жетекчи экен. Мэр болгондон бери жаны тынбай Ош шаарын жаркыратып алгылыктуу иштерди жасап жатат. Көрүп көз кубанат. Президент Садыр Жапаров дал ушул Жетигеновду тандоодо кадрдан жаңылбаптыр десек жарашат.

Айталы, Жетигенов Ошко мэр болуп келгенден бери бир дагы мэрдин учурунда чечилбей келе жаткан, шаар тургундарынын көкөйүнө көк таштай тийген таза суу маселесин чечип койду. Иштесе, каалоо болсо кандай көйгөй болсун чечсе болот экен го. Эми Ош шаарынын тургундары жаан жааган сайын 3-4 күн суусу жок карайлап отуруп калчу көйгөйдөн кутулушту. Дээрлик  чечилбей тургандай болгон баш оору эми жок. Бул үчүн Жетигеновго алкыш айтса аздык кылат. Ушул иши менен эле тарыхта калат. 

Дегенибиз, таза суу көйгөйүн чечүү кезинде "кара кулак шер, арстан, жолборс" атыккандардын колунан келген эмес. Буга чейин мэр болгондорду көбү, ошол эле Мырзакматов, Сарыбашев, Мамбетов дегендер курулай пиарды катырганды мыкты өздөштүрүшкөн менен реалдуу иштерди жүзөгө ашырууда чабалдык кылышчу. Буга биринин дагы учурунда таза суу маселесин чечилбегени далил десек жарашат.

Айтмакчы, Бакыт Жетигенов бир эле таза суу маселесин эле чечпестен, Ош шаарындагы башаламан курулуп жаткан курулуш иштерин дагы ирээтке келтирип, мыйзамды көзгө илбеген өзүм билемдикке да бөгөт койду. Шаардын көркүнө чыгарган, жол тыгынын жойгон айланма көпүрө курду. Айта берсе жакшы иштери арбын. Мына ушундай жетекчилер өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошушат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости