www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каратэ-до боюнча WKF KAZAKHSTAN OPEN 2023 2023 эл аралык турниринде кыргызстандыктар 12 медалга ээ болушту. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, биздин спортчулар бир алтын, төрт күмүш жана жети коло медаль утушту.  75 килограмм салмакта Назим Нурланов биринчи орунду ээледи. 50 килограммга чейинки салмак категориясында күмүш байгени Умида Айсаева, Ростислав Ковылин, Нуртилек Бейшембаев жана Нурай Бейшембаева алышты.

Коло байгени Рафаэль Акбаров, Назим Нурланов, Умида Айсаева, Ситора Расулова, Даяна Деря, Сизим Эсенкулова жана Мухаммед Ильясов алышты. Турнирге Франция, Орусия, Беларусь, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан 600дөн ашык спортчу катышты. Өлкөбүздүн намысын Кыргызстандын каратэ-до федерациясынан 29 спортчу коргоду.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости