www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Транспорт жана жол министри Тилек Текебаев деген анык суу жукпас эр экен. Негедир жогорку кызматты аркалаган төбөлдөрдүн дээрлик көбү «жеңден кончко куюлган» шылуунга айланып кеткендей таасир калтырат. 

Мына Транспорт министри Тилек Текебаевге УКМКнын төрагасы  Камчыбек Ташиев «Ноокат жолун 1-сентябрга чейин бүткөрбөсөң кызматтан кетип, жооп бересиң» деген катуу талап койду эле. Кызмат, жан деген таттуу экен, сентябрга эки күн калганда «Ноокат жолуна асфальт төшөө иштери бүттү» деп далбастап жар салды. Бирок, Ташиев Текебаевге «иши кылып асфальттап тапшыр» дебесе керек эле. 

Анткени, Текебаев элдин, Ташиевдин дагы көзүн жазгырып, ишти чала-була будамайлап жоопкерчиликтен кутулуп, кызматын сактап калууга жанталашып жатканы билинди. Себеп дегенде, эл аралык маанидеги 4 тилкелүү жолду, эки тилке кылып, анан да 3 катмар болчу калыңдыгын бир катмар кылып бүттү кылганы айтылууда?  Дал ушул халтурасы үчүн кызматтан алып, жоопкерчилигин караш керек! Ошондо жасалма иш кылган жоопкерчиликти билбегендерге сабак болот.

Анан чала-була бүтүрө коюп, жоопкерчиликтен кутулуп кеткен амалкөй куйтулугуна көз жумган мамиле болсо, башка жерлерди "Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты" кылат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости