www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматовдун иши кайра каралат

Жогорку сот кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун ишин кайра карайт. Сыртынан соттолгон Мелис Мырзакматовго байланышкан кылмыш иши Жогорку Сотко 2019-жылдын 20-декабрында келип түшкөн. Анын иши бүгүн эртең менинки саат 09:30 каралмак. Бирок, кошумча материалдар менен таанышып чыгуу үчүн соттук отурум 10-февралга жылдырды.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын сентябрь айында Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Гаипкулов жергиликтүү ЖМКдын бирине “Улуттар Биримдиги” партиясынын негиздөөчүсү жана Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун адвокаттары Жогорку сотко кайрылуу даярдап жаткандыктарын маалымдаган. Мелис Мырзакматов 2014-жылы издөөгө алынган. Ал “Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча күнөлүү деп табылып, сыртынан соттолгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости