www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: Түндөгү тирешүү

Мен ошол көзгө көрүнбөгөн сөлөкөт менен өтө узак жылдар бою кармашып, тирешип келдим. Муну менден башка эч ким билген жок, ушул убакка чейин эч кимге айткан эмесмин, атүгүл койнумда жаткан күйөөм дагы билчү эмес. Анын үстүнө күйөөм өтө кызганчаак болгондуктан ажырашып кетебизби деп да коркчумун. Анда мен жаңы гана жогорку окуу жайын бүтүп калаада калып мектепте мугалим болуп иштеп жаткам. Күйөөм да жогорку окуу жайын бүтүп милицияда иштеп жаткан. Ата-энеси Токмоктун четиндеги Кегети деген айылда турушчу, бакубат жашашчу.

Студент кезибизде эле жолдошум экөөбүз сүйлөшүп жүрүп анан үйлөнгөнбүз. Ата-энеси жакшы тургандыктан бизге калаадан үч бөлмөлүү үй сатып берген. Калаа четиндеги эски барак үйлөрдөн болчу. Узунунан келген бул барак үйдө беш-алты үй-бүлө жашачу. Тээ союз мезгилинде андай үй табуу, андай менчик үйдө жашаш биз сыяктуу жаш жубайларда өтө эле сейрек кездешчү. Көпчүлүгү орустардын үйлөрүндө батирде жашашчу эмес беле. Ойдо жок жерден үйлүү болуп калганыбызга өтө кубанып жүрдүк. Эски болсо да өзүңдүң үйүң да. Мындай менчик үйлүү болгондон кийин тели-теңтуштар, достор көп келишчү конокко. Атүгүл түнөп да кетишчү.

Күйөөм милицияда иштегендиктен суткалап дежурлукта туруп да калчу. Кээде студент кезде чогуу окуган кыздарды алып келип жатсам, кээде өзүм жалгыз жатып калчумун. Бара-бара мындай жашоого көнүп да бара жаткам. Анан эле күтүлбөгөн жерден турмушумда өзгөрүү пайда болду. Мен аномалдык көрүнүштөргө эгерим ишенчү эмесмин. Дал эле ошо сыяктуу окуя башыма сокку болуп тийди. Күйөөм адаттагыдай эле бир суткалык дежурлук милдетин аткарып кызматында болчу. Мен болсо үйдө жалгыз калгам. Студент кездеги группалаш кызымды кайра-кайра чакыра бергенден уялып көпчүлүк учурда өзүм жалгыз жатып калууга туура келчү. Кечки тамакты ичип бүтүп жыйнаштырып жатуунун камын көрө баштагам. Эртең мененки сегизде мектепте сабагым бар болчу.

Стол үстүндөгү идиш-аяктарды жыйнабай эле үстүн чоң марли менен жаап койдум. Электр жарыгын өчүрүп жатууга кам урдум. Түнкү саат он экилерден өтүп калган болчу, көзүм илинип кетиптир, бир кезде идиш-аяктын калдырап-шалдыраган үнүнөн чочуп ойгонуп кеттим. Үй ичинде кимдир-бирөөлөр жүргөндөй болду. Дароо эле "Ким бул?" деп кыйкырдым. Эч ким жок жымжырт. Акырын ордуман туруп барып жарыкты күйгүздүм. Эч ким жок, бардыгы орду-ордунда эле экен. Стол үстүндөгү идиш-аяктарды жаап турган марли ачылып калыптыр. Аны оңдоп жаап, жарыкты өчүрүп, кайрадан жатуута кам урдум. Көзүм илинип, уктап кетиптирмин, бир кезде муздак бир нерсе сандарымды сыйпалагансып кетти. Ойгонуп башымды көтөрүп эч ким жок тымтырс болуп тургандыктан кайрадан үргүлөдүм. Сокур молдо жетелеп бараткан. Кимдир-бирөө шейшептин аяк жагынан акырын сандарымды сыйпалап жогору карай жыла баштады. Ордумдан төшөктөн атып турдум. Дароо жарыкты күйгүздүм эч ким жок. Колума бычак алдым дагы жазданып жаттым.

Ошол боюнча тынчып калды. Бул жөнүндө күйөөмө айткан жокмун. Кызганычтан ар кандай жаман ойлорду ойлоп жибериши да мүмкүн. Турмушка чыга элек жакын санаалаш кыздарымды да алып келип жатып жүрдүм. Алар дайыма эле бош боло бербегендиктен айла жок жалгыз жатууга да туура келип калат. Анан эле түн ортосунда сандарымды сыйпаламай башталат. Бир жолу жумуштан чарчап келип катуу уктап кетиптирмин, жалгыз болчумун, адаттагыдай жолдошум түнкү дежурлукта болчу. Түн ортосунда кимдир бирөө мени катуу кучактады дейсиң, аз жерден бакырып жибере жаздадым, чочуп ойгонуп. Кимдир-бирөө артыма жабышып алып чачымды аймалап, мойнумдан жыттагылап жатат. Артка бурулайын десем бурула албайм, кыйкырып кошуналарды жардамга чакырайын десем тамагым буулугуп үнүм чыкпайт. Экөөбүз бир топко кармаштык. Анан ал акырын мени коё берип кетип калды. Бүттү, ошол күндөн баштап кандайдыр белгисиз күч менен менде тирешүү башталды. Тим эле уйку бербейт. Бир жолу уктап жатсам төшүмө отуруп алып төшүмдөн өпкүлөп жатыптыр, тирешип, күрөшүп жатып араң дегенде кутулдум.

Үйдү таштап башка жакка көчүп кете албайсың, союз мезгилинде андай үйгө жетүү да өтө кыйын эмес беле. Кошуналарымдан "силерде үй ээси барбы?" деп сурасам, бардыгы таң калыша бир ооздон жок деп айтышып кайра мага суроолуу карап калып жатышпайбы. "Менде үй ээси бар" деп айткандан чочуладым. Ишенишпейт болчу же акыл-эсинен айнып баратканбы деп ойлошу да мүмкүн болчу. Эгер муну күйөөм билчү болсо таптакыр чалкасынан кетмек. Балким, үйдү сатабыз деп да чыкмак. Мен бул үйдү сатса талаада калчудай болуп теңтуштарымдай батирлеп орустардын кичинекей үйлөрүндө жашап каламбы деп коркчумун. Үйгө кишилер же коноктор келип түнөп калганда анын дегеле дымы да чыкчу эмес. Анан үйдө жалгыз болгондо эле мага асылып баштачу... Экөөбүз катуу кармашкан күндөр болду. Кээде мен аны жеңип кубалап жиберчүмүн. Адегенде чочулап жүрчү элем, мени өлтүрө албасын билип ага кадимкидей айбаат көрсөтүп, түнү менен кармашьш тирешип, салгылашып чыкчумун. Азыр ойлоп көрсөм, дээрлик он беш жылдай алышыптырмын аны менен.

Анан союз чачырады, кыйынчылыктан чыгып кеттик. Кийинчерээк бардык шарты бар көп кабаттуу үйлөрдүн биринен үч бөлмөлүү үй сатып алдык. Ошондон кийин баары тынчып калды, мен дагы ага аябай көнүп калсам керек, кээде түн ичинде ойгонуп кетип, келээр бекенби деп күтүп калам, бирок келбейт. Анын үстүнө үйдө балам үйлөнүп, келин балам да бар. Бул жакка келбей эле койсо экен деп тиленем. Ал эми эски батирибизди болсо Баткенден келген жаш аялмет үй-бүлө сатып алышкан. Азыр алардын жашоолору кандай экенин билбейм. Дегеле тынч эле болсо экен деп Кудайдан тиленем, суранам, дуба кылам. Ылайым эле ошондой болсун.

М.МЫРЗАКУЛОВА

Булак: “Сырдуу дүйнө”

Последние новости