www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева Борбор Азиядагы Penal Reform International (PRI) аймактык директору Азамат Шамбиловду кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Кыргызстандагы PRI Эл аралык түрмө реформасынын Өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары Анель Тлеукеш, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан боюнча жазык-аткаруу системасын реформалоо тармагындагы саясатты иштеп чыгуу жана кызматташтык боюнча бөлүмдүн башчысы Айгерим Азимовалар катышышты.

Тараптар Кыргыз Республикасында  пробация институтун  өнүктүрүү, судьяларды тренер катары окутуу  боюнча маселелерин талкуулашты.

Г.Калиева мындан ары дагы эки тараптуу кызматташтык бекемделип, сот-укук реформасынын алкагында жүргүзүлүп жаткан аракеттер улантыларын белгиледи.

Өз кезегинде, Азамат Шамбилов  башка кызматка кетип жаткандыгына байланыштуу Борбор Азиядагы Penal Reform International (PRI) аймактык директору кызматындагы  миссиясы соңуна чыккандыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости