www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз коомчулугуна аттын кашкасындай таанымал эл өкүлү болбогон жерден караланып жатат. А бирок, бул убактылуу көрүнүш экенин айта кетели. Кырдаалы келгенде Осмонбек мырза акталып чыгаары калетсиз. Анткени анын ТЭЦтеги коррупцияга кылдай да тиешеси жок.

Төрөбай Зулпукаров КСДП депутаты:

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Ошондуктан депутаттар тергөө учурунда ак же кароо деп айтууга мыйзам жол бербейт. Өзү абдан жакшы киши, көптөн бери саясатта жүрөт. 1990-жылдардан тартып дары-дармектер тармагында бизнес уюштуруп иштеп, мамлекеттеги эң бай адамдардын катарында турат. Осмонбек агабыз менен бир командада жүрдүк, менимче коррупциялык жолдорго барбайт деген терең ишенимим бар. Ошондуктан тергөө амалдары бүтүп сот чечимин акыйкат чыгарса экен дейм. Сот аркылуу акталып кетет го деген үмүтүм бар, акталуусун каалап турам. Эч кимдин башына мындай иштерди түшкүлүк кылбасын. Ал чечимдер кандай кабыл алынган, тендерлерге министрдин таасири тиет беле баардыгы көрүнүп эле турат. Эгерге сот процесс акыйкат жүрө тургаң болсо, биз жакшылыкты эле үмүт кылып турабыз.

Айнуру Алтыбаева, Жогорку Кеңештин депутаты, “КСДП” фракциясы: “ОСМОНБЕК КОРРУПЦИЯЛЫК КЫЛМЫШКА БАРБАЙТ”

Депутат менен бир нече социалдык багыттагы долбоорлордун үстүндө иштегенбиз. Ал кишинин айкөлдүгүн, туура көз карашын мен дайыма сыйлайм. Азыркы коррупция беренеси боюнча кылмыш кылганына ишенбей турам. Жакында өзүнө дагы абакка кирип чыгуу алдында турам. Ал киши китепти көп окуурун билгендиктен китеп ала барам. Дал ушул иш башталганда ал министр болчу. Бирок коррупциялык иштерге барганына таптакыр ишенбеймин. Үй-бүлөсүн дагы жакшы тааныйм, жубайын тааныйм. Бул үй-бүлөнүн колунан жаман иш келбейт, оокаты өздөрүнө жетиштүү. Байлыгын пешене тери менен жасаганын жакшы билем.

Сайдулла НЫШАНОВ, Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата-Мекен” фракциясы: “ТАЗА САЯСАТЧЫГА ЧАҢ ЖУКПАЙТ”

Кагаздар менен боюнча алсак ал киши өзү буйрутма болгон, тапшырма берилген деп жатат. Балким ошол кагаздардын негизинде жаңылып калышы мүмкүн. Бирок акча алганына эч качан ишенбейм. Осмонбек Артыкбаев туура таза жашаган саясатчы. Ага мамлекеттин акчасынын кереги жок. Алдым жуттум, алайын жулайын деген адамдар башкача болот. Мен Осмонбектен андай сапаттарды таптакыр көрө элекмин.

Карамат ОРОЗОВА, Жогорку Кеңештин депутаты, “КСДП” фракциясы: “Акыйкатттулук акыры жеңет

ТЭЦ боюнча кылмыш иши козголгондордун эч кимисин күнөөлүү деп айта албайм. Алардын айыбын сот чечип, тергөө аныктайт. Парламентте депутаттык комиссия иштеди. Комиссия эч кимдин атын атабай кандайдыр бир коррупциялык схема бар деп чечим чыгарып беришкен. Осмонбек Артыкбаев менен партияга кирген күндөн баштап, тагыраагы 2010-жылдан бери жакшы тааныйм. Парламентте чогуу жүрүп көп иштерин да байкап жүрөм. Социалдык тармактарга жардам берип жасаган жакшы иштери аябай көп. Экөөбүз бир нече мыйзамдарды иштедик. Айрыкча аз кандуулук, эне-баланын өлүмү, йоддошкон ун жөнүндө маселе көтөрүп чечкенге аракет жасады. Өзүнүн шайлоочуларына жасаган иштери чоң. Чындыгында анын саясатка келгенге чейин чоң жеке ишкер болгондугун эл жакшы билишет. Элдин таламын талашып иштеген жигит. Калыс оюмду айткым келет, Осмонбек ТЭЦ боюнча контракттык же кредиттик келишимге кол койгон эмес. Ал эми сүйлөшүп келген адамдар башка болчу да. Соттордун ишине аралаша албайм, бирок акыйкаттуулук болот деп ишенем.

Алмамбет ШЫКМАМАТОВ, Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата-Мекен” фракциясынын лидери: “Мен Осмонбекти ак ниет депутат деп билем”

Осмонбек Артыкбаевдин иштери жөнүндө тергөөнүн купуялыгы деп эч нерсени сыртка чыгарбай жатышат. Андыктан коомчулук көп маалыматтан кабарсыз калууда. Ал киши бүгүн министр болуп келип, эртеси ушул проектиге аралашып жатат. 12 сааттын ичинде ал жерде эмне болуп жаткандыгын өзү аңдабай да калышы мүмкүн. Демек аны мажбурлап, ТЭЦ керек тигил бул деп айтышкан. Чындыгында ТЭЦке модернизация керек эле, кредит алууга мажбур болушкан. Эми бир сөз менен айтканда Осмонбекти пайдаланып туруп, ыңгайсыз абалга кабылтып коюшту. Сот ачык айкын болсо баардык чындыкты билебиз да.

Алтынбек ЖУНУС уулу, Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы:“МУНУН АРТЫНДА КҮМӨНДҮҮ КИШИЛЕР ТУРАТ”

Осмонбек Мамбетжанович “СДПК” партиясын алдыга сүрөгөндөрдүн бири болуп, командада чогуу иштеген. Алынган кредиттердин кимдин буйругу менен акча коротулганын баардыгы билип калышты. Эл деле ким команда бергенин билип турат. Парламентте үч күн талаш-тартыш болду. Ошондо көп сырлар ачылды. Бир адамдын кызыкчылыгынын айынан элге көп эмгеги сиңип, жакшылыктарды кылган кишинин күнөөлөнүп жатышы абдан өкүнүчтүү. Ал заман башка эле, Атамбаевге эч ким баш көтөрүп сүйлөй алмак эмес. Осмонбек агабыздын байлыктарын санап жатышат, бул туура эмес. Баардыгы билет, бул киши башка президенттердин убагында деле ишкердик кылчу. Өзүм жеке тааныйм, Осмонбек Мамбетжанович ушундай ыплас иштерге барганына таптакыр ишенбейм.

Руслан КАЗАКБАЕВ, Жогорку Кеңештин депутаты, “Республика-Ата-Журт ” фракциясы: “КАЛЫСТЫКТЫ КАРМАНЫШСА ТУУРА БОЛМОК”

Камакка алынып жаткан саясатчыларды күнөөлүү же таза деп айта албайм. Аны сот тергөө иштери бүткөндөн кийин гана эмне болгонун билебиз. Алардын эч кимисин азыр күнөөлүү деп айтканга акыбыз жок. Осмонбек Артыкбаев менен абакта олтурган жеринен барып жолуктум. Мурда жүрөгүнөн операция болгондуктан ден-соолугу тууралуу өтүнүч келтирди. Биз келээрибиз менен тиешелүү жактарга билдиргенбиз. Болгону Осмонбек агабыздын оозунан гана уктук. Материалдар менен таанышкан жокпуз. Мен айтпасам деле анын ийгиликтүү ишкер, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошкон саясый жана коомдук ишмер экендигин баары билишет. Өзүнүн берген материалдарына караганда күнөөс» жок экендигин билдик. Колубуз менен кармап албаган соң эч кимди коррупцияга шектегенге акыбыз жок.

Булак: “Ачык сөз”

Последние новости