www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокуратуранын отчёту каралып, Өткүрбек Жамшитов депутаттардын суроосуна жооп берди.

Жыйында депутат Жыргалбек Турускулов кримтөбөл Азиз Батукаевди экстрадициялоо маселеси боюнча Кыргызстан кандай жыйынтыкка жетишкенин сурады.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов кайрылуу жөнөтүлгөнүн жана 2021-жылы Россия тарап ишти кайрадан кароого даяр экендиктерин белгилешкенин маалымдады.

"Буга Азиз Батукаевдин 2017-жылы төрт жылга соттолуп, учурда жазасын өтөп жаткандыгы себеп", - деди ал.

Башкы прокурор 2019-жылы камактагы 144 экстрадицияланганын маалымдап, алардын көпчүлүгү Россия менен Казакстандан экенин билдирди.

Булак: NazarNews.org

Последние новости