www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башымдан өткөн жагдайларды жазуунун өзү мага кандай кыйын болуп турганын түшүнүү сиздер үчүн оор болуш керек. Жаным кыйналып, өмүрдөн түңүлүп кеттим. Баарын айтып отурсам узакка созулчудай. Сиздер менен өмүрүмдүн кыска бир бөлүгүн бөлүшүп кетейин.

Мындан 4 жыл мурун өз атам мени зордуктады. Ал айбан сындуу немени ата дегенге да оозум барбайт. Бул окуя жөнүндө атамдын туугандары билишти, бирок эч нерсе кылышкан жок. Баарынан да апама кыйын боду, а менин өмүрүмдүн таш-талканы чыкты. Апам кетип калайын десе чиедей балдарын аяйт. Ансыз да жокчулукта өмүр сүрөбүз. Тиги ата сөрөй болсо, “кечирип койгула, билбей калыпмын” деди да жүрө берди. Башында уялымыш болгондой түр көрсөтүп, аз убакыт өтпөй эле, баягы апамды уруп-соккон, башка аялдар менен көңүл ачкан эски адатын баштады.

Тиги акмактын өзү аз келгенсип дагы бир иниси бар. Аны да биз үйлөндүргөнбүз. Аялы менен көпкө жашабай ажырашып кетип, кайра үйлөнөм деп чыкты. Албетте, ага биздин шартыбыз туура келген жок. Силер мени үйлөндүрбөдүңөр деп, агасынын мени зордуктаганын бүтүн айылга жайып чыкты. Үйдөн чыгууга да уялып калдым. Шаарга барып жумуш кылайын десем, туугандарым жок, башпаанек кыла турган жер жок. Өзүм 1992 жылгымын, кесибим мугалим. Бала бакча, мектептерге барып жумушка орношоюн десем, жумушка алуу үчүн 10 миң сурашууда. А бизде андай акча кайдан болсун. Биздин үйдө анын жарымын да толук бойдон көрө элекмин.

Мындан бир ай мурун ата сыягы жок айбан үйдөн кетти. Себеби, айыл адамдары мага кылганын билген соң, өзүн өлтүрүп салатко деп качты. Ушулары жетпегендей токолу да бар экен, жакында балалуу болушат. А жашы 50гө чамалап калган. Баарынан да апама боорум ооруйт. Жумушубуз жок. 8 жашар сиңдим, 9 жашар иним бар. Менден башка улуу байкем иштеп, бираз акча таап, азык-түлүк ташып турат.

Адамдарга деген ишеничим такыр калган эмес, сестенип, коркуп турам. Атамдын кылганы бул болсо, башкалардын колунан эмнелер гана келбейт... Апама кыйын болду. Өлө сонун киши. Акыркы убактарда ден-соолугу да начардап баратат.

Көп болсо айып этпеңиздер. Өмүрдөн чарчадым, жокчулуктан. Атамдын кылгандары көз алдымда. Турмушка да чыга албаймын. Тагдырым ушундай. Кызыл дипломум сандыкта жатат. Айылдагыларды кароого да бетим чыдабайт. Мүнөзүм да аябай назик, бирөө башкачараак карап койсо эле ыйлап кирем. Апам байкуш күйөөсүнөн калган карыздарды төлөй албай убара. Мага жасаган айбандык мамилеси үчүн, апамды, өз балдарын бакытсыз эткени үчүн атамды жек көрөм!

Каарман аты-жөнүн көрсөтпөөнү суранган.

Алаш-айнасы

Булак: NazarNews.kg
 


 


 

 

Последние новости