www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто “Достук” чек ара көзөмөл-өткөрмө бекетинен өтө албай жаткан, Өзбекстанга турмушка чыккан 50 кыргызстандык келинди өзбек тарап кабыл алды. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, туугандык байланыштары тастыкталган 50 кыргызстандык келин 23-май күнү Өзбекстандагы үй-бүлөлөрүнө кайтып кетти. Учурда чек арадан өтө албай жаткан жарандар жок.

Өзбекстанга келин болгон ондогон кыргызстандыктар чек аралар ачык учурда келип, кайра үйлөрүнө кете албай калышкан. Буга чейин алар кыргыз чек арачылары өткөргөнү менен Өзбекстан кабыл албай жатканын айтып кайрылышкан.  Аялдар 21-май күнү Тышкы иштер министрлигинин Оштогу өкүлчүлүгүнөн жардам сурашкан.

Чогулган аялдар өздөрүнүн тизмеси боюнча карантин кире электен мурун келип кайра үйүнө кайта албай калган 100дөй келин бар экенин билдиришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости