www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Петропавловск-Камчатск шаарында Кыргызстандын жарандары кырсыкка тушугушкан. Натыйжада алардын бири көз жумду. Бул тууралуу маалымат Россиянын Камчатка аймагы боюнча Тергөө комитетинин сайтына илинди.

Маалыматка ылайык, 25-май күнү кечинде коопсуздук техникасы жана коргоо шаймандары жок (шлем) эки жумушчу - 1984-жылы туулган Кыргызстандын жарандары көп кабаттуу мекеменин чатырын оңдоо учурунда кулап кетишкен.

Алардын бири окуя болгон жерде көз жумган. Экинчиси алган жаракаттары менен ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

“Текшерүүнүн жыйынтыгында Капиталдык оңдоо фонду жана “Бумагинь” ЖЧК Петропавловск-Камчатск шаарында Геологическая көчөсүндө, 2020-жылы чатырды оңдоо боюнча келишим түзүшкөнү аныкталды. 

Тергөөчүлөр окуянын бардык жагдайларын аныктоо максатында бир катар текшерүү иш-чараларын жүргүзүшүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат”, - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости