www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын Наманган облусунда төрөтканада жаткан аял эки ымыркайды экинчи кабаттан ыргытып салды. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, Өзбекстандын Наманган облусунда жаңы төрөгөн аял кызынын буту кыйшык төрөлгөнүнө капа болуп, төрөткананын экинчи кабатынан ымыркайын ыргытып салган. Кылмышын жашыруу үчүн ал башка да ымыркайды ыргыткан.
Окуя 9-сентябрга караган түнү болгон. Бир сааттан кийин наристелерди табышып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырышкан менен, тилекке каршы экөө тең чарчап калган. Эки ымыркай тең бир жума мурун, бир күндө төрөлгөн экен.
Бул боюнча райондук прокуратура ымыркайларды ыргыткан аялдын жана төрөткананын жоопкерчиликтүү кызматкерлеринин үстүнөн эки кылмыш ишин козгогон.
Булак: "NazarNews.kg"