www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ Жалал-Абад облусунда бодо малдарды Өзбестандын аймагына мыйзамсыз айдап өтүүгө шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
"Чек ара кызматкерлери тарабынан беш баш бодо малды (буканы) Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган 1971-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны А.К.ны кармашты. Ушул эле күнү дагы бир 1969-жылы туулган П.Ж. аттуу жаран Өзбекстандын аймагына жылкыны мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылып жатканда кармалды.
Кармалган бодо малдын жана жылкынын жалпы наркы 570 миң сомдон ашык болгон. Учурда бодо мал жана жылкылар кызматкерлерге кошумча иликтөө үчүн өткөрүлүп берилди", - деп жазылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, 2020-жылда чек арадан малды мыйзамсыз айдап өтүп жаткан 11 иштин жолуна бөгөт коюлган. Натыйжада 160 баш бодо мал, майда мал жандыктар жана жылкылар кармалган.
Булак: NazarNews.kg