www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык рэпер Lil Uzi Vert деген каймана аты менен таанымал Саймир Вудс чекесине 24 миллион долларлык бриллиант салдырганы жатат. Бул тууралуу Unilad сайты жазып чыкты. 

Рэпер чекесине салдыра турган бриллианттын сүрөтүн өзүнүн твиттердеги катталуучуларына көрсөттү.

Рэпердин айтымында, бриллиант таш ал үчүн ушунчалык кымбат болуп, аны 2017-жылдан баштап бөлүп-бөлүп төлөөгө аргасыз болгон. Эми ташты толугу менен төлөп бүткөндүктөн, рэпер аны чекесине орнотууну пландап жатат. Белгилүү адамдар менен иштешип аты чыккан зергер Эллиот Эллианте асыл ташты рэпердин чекесине орнотот.

Lil Uzi Vert кызгылт бриллианттын салмагы 10-11 каратты түзөрүн жана ал бардык мүлктөрүнөн, анын ичинде Bugatti компаниясынан, кымбат баалуу үйлөрүнөн жана ар кандай маркадагы унааларынан да кымбат көрөрүн бөлүштү.

Анын айрым күйөрмандарынын “эмне үчүн бриллиантты шакекке салдырып алган жоксуз?” деген суроосуна бул да болсо анын өзгөчө идеяларды жаратып тургандыгы менен түшүндүрдү.

"Эгер мен шакекти жоготуп алсам, анда сиздер анда чекеме тагып алгандан да артык шылдыңдамаксыңар", - деп жазган ал.

Lil Uzi Vert - америкалык хип-хоп чебери жана бир нече ырлардын автору. Ал "Money Longer" дебюттук сингли чыккандан кийин таанылган. 2017-жылы анын XO TOUR Llif3 ыры мыкты 10 ырдын катарына кирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости