www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду” мекемеси өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу  КР БИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду (КӨФ) КР БИМдин алдындагы Башталгыч кесиптик билим берүү агенттиги, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттик, Соода-өнөр жай палатасы, Профсоюздар федерациясы, Эл аралык ишкерлер кеңеши, “Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясы” ЮЖБ, “КР Ашпозчулар ассоциациясы” КБ, Жумуштуулук боюнча жеке агенттиктер ассоциациясы, Чүй областынын Жаш майыптар союзу, “Эрезеге жеткендерге билим берүү Кыргыз ассоциациясы” ЮЖБ, “Коомдук тамактануу ишканаларынын ассоциациясы” ЮЖБ, “Коомдук тамактануу чөйрөсүндө кесиптик компетенцияларды жана көндүмдөрдү көз карандысыз сертификациялоонун тармактык борбору” мекемеси ж.б. менен жогоруда көрсөтүлгөндөй меморандумдарга кол койду.

Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду катталган жерине байланыштырбастан, 16 жаштан 63 жашка чейинки каалаган адамдар үчүн иш берүүчүлөрдүн заказдары боюнча кыска мөөнөттүү курстарды (1 айдан 6 айга чейин) уюштуруу жана өткөрүү максатында иш берүүчүлөр ассоциациясы, инвестициялык долбоорлор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар жана башка заказчылар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Азыркы учурда КӨФтүн тандоосунан (алдын ала квалификациядан) өткөн республиканын 67 окуу жайы (колледждер, лицейлер, жеке окуу борборлору) тандалып алынды жана кыска мөөнөттүү курстар үчүн алар боюнча 99 кесиптин тизмеси бекитилди. Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду (КӨФ) 2016-жылы КР Билим берүү жана илим министрлигинин долбоорунун алкагында Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен түзүлгөн, 2020-жылдан тартып КӨФ өз алдынча уюм катары иш алып барууда. Өткөн жылдары Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду 22 794 адамды окутту, алардын ичинен 75% ишке орношту, аялдардын гендердик курамы 47% түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости