www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагынын Аюу айылында 29-апрелде, болжол менен саат 06:50дө жер көчкү жүрүп, 7 үй менен кошо 24 адамды басып калган. Кырсык болгон жерге ЖК төрагасы баш болгон бир топ депутаттар барып, кабар алышкан. Эки күндөн бери ошол жерде жүргөн депутат Улукбек Ормонов менен кыскача маек курдук.

-- Улукбек мырза, Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери кандай иштерди жүргүзүүдө?

-- КРнын ӨКМ кызматкерлери колунан келген жардамын берип жатышат. Палаткаларды тигишти. Издөө иштеринин натыйжасында үч адамдын денесин табышыптыр. Айыл жашоочуларынын айтымына таянсак, жалпысынан 27 киши көчкү жердин алдында калыптыр. Жергиликтүү эл жер көчкүдөн катуу коркуп калышкан экен, кайгырып: “Кайда барабыз? Кайда көчөбүз? Жер бергиле!” деп барган эле чоңдорго айтып, суранып жатышат. Эл аябай эле коркуп калган. Элдин денсоолугун камсыздандырууга Автомобилдеги мобильный клиника келди.

--Алмазбек Атамбаев “алдын ала барып, “көчкүлө” десе, көчпөй коюшуптур” деп айтты көңүл айтып жаткандагы сөзүндө. А сиз болсо андай болбогондугун айтыпсыз...

-- Президентке жергиликтүү бийлик өкүлдөрү толук маалымат берген эмес окшойт. Үч үйдү көчүрүү боюнча чечим чыгып, 150 000 миң сомдон ссуда алышып, жер берилген экен. Бу боюнча мен райондун Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине кат жөнөттүм. Толук маалымат алгандан кийин жооп берейинчи.

--Чоңдордон дагы кимдер барды?

-- Кырсык болгон күнү Аюу айылына төрага Чыныбай Турсунбеков менен бир топ депутаттар жана Өкмөт мүчөлөрү болуп барып, ал жердин тургундары менен жолукканбыз. Андан кийин премьер-минстр Сооронбай Жээнбеков дагы барып, кабар алды. Ахматбек Келдибеков, Алманбет Матубраимов, Адахан Мадумаров, Элмурза Сатыбалдиев, Камчыбек Ташиев келишти.

--Аба-ырайы кандай болууда?

-- Биз барганда катуу мөндүр жааган. Кечээ түнү Аюу айылына кар жааптыр.

Назира СААЛИЕВА

P.S. КР ӨКМнын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянсак, бүгүн саат 14:15те эки кыздын жансыз денеси табылып,аты-жөнү, жылы такталган. М.А 2005-жылы, Х.М. 2015-жылы туулган. Ошондой эле саат 17:40та Н.Г (1997-жылы туулган) аттуу кыздын жансыз денеси табылган. Издөө иштери уланып жатканын билдиришти.

Булак: NazarNews

Последние новости