www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-апрелде Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев баштаган топ Өзгөндөгү кырсык катталган Аюу айылына барып элден кабар алышты. Алар, каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшүп ар дайым жардам берүүгө кол сунуп, жанында боло тургандарын айтышты.

“Туугандарым, сиздерге көңүл айтабыз, кайрат кылыңыздар. Күтүүсүз жаратылыш кырсыганан көзү өтүп кеткен баардык жарандарыбыз үчүн кайгырабыз. Белди бекем бууңуздар, айла жок экен”,- деди экс-депутат Камчыбек Ташиев.

Ал өз сөзүндө тийиштүү мыйзам эрежелерин аткарбай, ушул кырсыкка тийешеси болгон мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги каралышы керектигин белгиледи. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда аларга сабыр тилеп, мындай деди.

“Эми туугандарым бул жер суроо берип, суроого жооп ала турган мезгил эмес. Азыр кайгырып, жер алдында калгандарды таба турган мезгил. Анан кээ бирлерге окшоп телевизордон док кылып сүйлөй турган мезгил эмес, ушулардын кайгысын бөлүшө турган маал. Биз азыр саясат үчүн келген жокпуз, бир адам кырсыктан жабыркаса канча кайгырасың? Бул жерде 24 боордошубузду жоготуп, каңырыгыбыз түтөп турабыз. Бул Кыргызстан үчүн орду толгус кайгы, чоң жоготуу. Ошондуктан баарыбыз жапа тырмак киришип, колдон келген жардамыбызды беришибиз керек. Жакынын жоготкондорго өбөк-жөлөк бололу деп келдик. Анан кээ бирлер аны-муну сүйлөп коюп жатат, ага капа болбогула. Ар ким деңгээлине жараша сүйлөйт. Туугандарым кайрат кылгыла. Мына Адахан Кимсанбаевич, Камчы Кыдыршаевич, Элмурза Ракиевич болуп колдон келген кызматты кылып, үнүбүз жеткен жерге айталы деп келдик. Колдон келген жардамды аябайбыз, кайрат кылыңыздар”,-деди Ахматбек Келдибеков.

Андан сырткары,  бүгүн жалпыга маалым болгондой 2 жарандын сөөгү табылды. Аба ырайы суук, каар жаап салыптыр. Көз менен көргөн элдин көз жашын мен сөз менен айтып жеткире албаймын...Эми эмне дейбиз, өткөндөргө куран окутуп тим болбостон, мындай кырсыктардын алдын улуу керек. Жыл башынан бери эле Кыргызстанда кырсык көп болуп жаткандыгы чындыгында өкүнүчтүү болуп жатат. Кыргыз элибиз аман болсунчу”, - деген пикирин жеринен билдирди ЖК мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости