www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балбак мырза Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат башчысы болгондон бери өзүн келечектеги мэр катары көрүп алды. Мэр Суракматов эмес, өзү иштеп жаткандай өзүн ыңгайы келсе да, келбесе да пиарлагадын кыныгын алды. Ошол эле кезде кол алдында иштегендерди каарып, жемелеп чокчоңдогонду адатка айландырып алганы көптөн бери айтылып, сынга алынууда. Жыйын сайын өзүн көрсөтүш үчүн "иштесеңер иштегиле, иштебесеңер кеткиле" деп, жумурткадан кыр издеп куйкасын куруштурса жанына киши чыдап тура албайт. Дал ушул Чокчолой баатыр болгон көнгөн адатын телеканалдардын жетекчилерине көрсөтө коём деп шермендеси чыкты.

Башкача айтканда, Бишкек суу канал ишканасынын сууну үнөмдөө боюнча роликтерин телеканалдарга милдеттүү түрдө чыгаргыла дегендей буйрук иретинде кат жазып, "сен бизге буйрук кылгандай кимсиң" дегендей жооп угуп шагы сынган,  - дейт "Фабула".

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости