www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистандын Пешавар шаарындагы мечитте болгон жардыруудан каза болгондордун саны 72ге жеткенин Geo телеканалы билдирди.

Буга чейин жергиликтүү бийлик 59 каза болуп, 157си жарадар болгонун билдирген.

Өлкөдө 31-январда облуста аза күтүү жарыяланды.

Учурда издөө-куткаруу иштери уланууда.

REGNUM агенттиги билдиргендей, мечиттеги жардыруу 30-январда жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:40та (Бишкек убактысы боюнча 14:40) намаз учурунда болгон. Бомба жанкечти тарабынан жардырылды. Кол салуу учурунда мечиттин ичинде кеминде 120 киши болгон.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Тахрик-е Талибан Пакистан" алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости