www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Өзгөн РИИБинин убактылуу кармоочу жайында кармалгандар бир нече жолу ур-токмокко алынганы боюнча арызданышкан, бирок райондук прокуратура кылмыштын курамын тапкан эмес. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордон билдиришти.

Маалым болгондой, 2022-жылдын 12-декабрында Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун Ош аймактык өкүлчүлүгүнө Өзгөн РИИБинин убактылуу кармоочу жайынын кызматкерлери кармалгандарды сабагандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Бул маалыматты алгандан кийин дароо Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун кызматкерлери аталган мекемеге барып, абалды жеринде текшерип, объективдүү изилдөө жүргүзүшкөн. Жеринде гематомалар жана көк ала тактары бар С.А. менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, визуалдык кароо жүргүзүлгөн. Мындан тышкары, С.А., өзү жана башка кармалгандар алардан күнөөсүн мойнуна алдыруу үчүн милиция кызматкерлери тарабынан бир нече жолу ур-токмокко алынганын билдирген", - деп айтылат Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун билдирүүсүндө.

Эртеси күнү Улуттук борбордун кызматкерлери Өзгөн районунун прокурорунун орун басары менен биргеликте, Өзгөн РИИБинин убактылуу кармоочу жайына барып, экинчи жабырлануучу Р.А. менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Анын мурдунда көгөргөн тактаар ​бар экендиги белгилүү болгон. Ошол эле учурда ал өзгөчө кабыргасынын ооруганына даттанган. Улуттук борбордун кызматкерлери Р.А.га тез жардам чакырууну талап кылышкан. Кармалган жаранга тез жардам кызматынын дарыгерлери жардам көрсөтүп, рентгенге текшерүүдөн өтүүнү сунуштап, жыйынтыгында кабыргалары жабыркабаганы аныкталган.

Жыйынтыгында Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери тарабынан денеге келтирилген жаракаттар боюнча акт түзүлүп, ошондой эле кемчиликтерди жоюу жана убактылуу кармоочу жайда кармоо шарттарын жакшыртуу боюнча сунуштар берилген.

"Бул фактылар боюнча Өзгөн районунун прокуратурасына коштомо кат жөнөтүлгөн. Бирок прокуратура КР Жазык процессуалдык кодекстин 27-беренесине таянып, кылмыш курамы жок экенин белгилеп, кылмыш ишин козгоодон баш тарткан", - деп билдиришти аталган борбордон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости