www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата бардык иштер кылмыштын негизинде козголгонун башкы прокурор Курманкул Зулушев 31-январда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Журналисттер иш козголуп, кайра жабылып калгандыктан, прокурорлор жазаланабы деп сурашкан.

«Кылмыш иштери козголуп, тергөө жүргүзүлдү. Силер билгендей бизде аны менен түшүнбөстүктөр болгон. Ал массалык маалымат каражаттарына бир нече жолу кайрылган. Бирок биз ага жооп берген эмеспиз. Баардыгы ачык-айкын болушу үчүн материалдарды тергөөгө укук коргоо органдарына өткөрүп бердик. Тергөөнүн жыйынтыгы менен алар кылмыштын курамы жок деген бүтүмгө келишкен. Биз буга макул болдук», - деди Зулушев.

Прокурорлорду жазалоо боюнча Зулушев мурдагы министр Бейшеналиев анын укугу бузулду деп билдирүү жасаса, прокуратура муну карай турганын билдирди.

«Күч түзүмдөрүндө эч кандай пикир келишпестик жок. Ар кандай билдирүүлөр болуп жатат, бирок биз аларга эч кандай реакция кылбайбыз жана жооп бербейбиз», - деди ал.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын июнь айында Башкы прокуратура мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кармаган.

Ага карата 7 кылмыш иши козголгон:

- коррупция беренеси боюнча бир кылмыш иши козголгон;

- пара талап кылуу беренеси боюнча эки кылмыш иши;

- төрт кылмыш иши - кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана атайылап пайдасыз келишим түзүү.

16-августта Бейшеналиевге каршы вакцина сатып алуудагы коррупция боюнча кылмыш иши токтотулганы белгилүү болгон.

19-августта ал ээлеген кызматынан бошотулган. Ошол эле күнү ал «Алтын балалык» реабилитациялык борборунун директору болуп дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости