www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Шайлообек мырза, альтернативалык кызматтын баасын көтөрүүнү сунуштап жатасыз. Азыркы өлчөмүндө аз дейсизби?

-- Альтернативалык кызматтын баасы жылына 18 миң сом. Анын өлчөмүн көтөрүп, армиябыздын техникалык базасын чыңдайлы деген эле тилек. 18 миң сомду берип коюп эле кызмат өтөөдөн качуу – бул мекенчилдик эмес деп эсептейм. Ал армияга барбаса, катарга туруп, чуркап, окоп казбаса, жок дегенде материалдык жактан жардам берип, колдоо көрсөтсө, өзүнүн абийирине эле жакшы болот деген ой.

-- Коргоо министринин айтымында, бир ай кызмат өтөгөн жаран күч түзүмдөрүнө, мамлекеттик кызматтарга да иштөөгө укуктуу болот экен. Сиздин пикириңиз боюнча ушул туурабы?

-- Туура эмес. Бир ай окуган адам кийин губернатор болуп калса, бир районго кол салуу болсо, ал кантип аскердик, тактикалык жактарына жетекчилик кыла алат? А келечекте мамлекет башчысы болуп калса кандай болот? Кантип жалпы куралдуу күчтөрдү башкарат? Ошондуктан баарыбыз бир жыл толук эле кызмат кылып, мекенди коргоо милдетин аткарып келишибиз керек. Билесизби, биз кичинекей кезде ким аскерге барбаса кыздар “ден соолугу жакшы эмес, бир жеринде оору бар окшойт” деп шектенип, турмушка чыкпай коёт эле...

-- Жашырганда эмне, министрлердин, депутаттардын, губернаторлордун арасында балдары аскерде кызмат өтөгөндөрү саналуу эле. Кандай дейсиз, алар да сөзсүз кызмат кылышы керекпи?

-- Негизи мамлекетти башкарып, жетекчилик кызматтарда иштеген кишилердин балдары барса, кыргыз армиясындагы абалды жонтериси менен сезет эле. Аскерде балдар мекенди, эли-жерин сүйүүгө тарбияланат. Ошондуктан барганы жакшы эле болот.

Булак: Азия News гезити

Последние новости