www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30-январда Улуттук банк башкармалыгы эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, бул чечим бүгүндөн баштап күчүнө кирет.

“Негизги чен өлчөмүн сактап калуу чечими өлкөнүн макроэкономикалык шарттарына жооп берет жана экономикадагы тобокелдиктерге карата Улуттук банктын жүргүзүп жаткан саясатын чагылдырат. Жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты КР экономикасында инфляцияны шарттаган факторлорду чектөөгө багытталган”, - деди ал.

Карабаева инфляция динамикасы орто мөөнөткө болжолдонгон көрсөткүчтүн алкагында түптөлүүдө, бул эсептик ченди өзгөртүүнүн зарылдыгы жоктугун шарттай турганын белгиледи.

“2022-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык инфляция 14,7 пайызды түзгөн. 2023-жылдын январь айында (20-январьга карата) баалардын деңгээли 1,2 пайызга жогорулаган. Энергия продукциялары жана азык-түлүк дүйнөлүк рынокторунда кырдаалдын турукташуусу 2023-жылдын экинчи жарымында инфляциянын басаңдашына таасирин тийгизет деп күтүлүүдө. Ошондой эле, бир катар администрациялык баалардын (тарифтердин) наркын жогорулатуу тууралуу айтылган алдын ала кулактандыруулар инфляцияны шарттаган ички тобокелдиктердин кошумча булагы болушу мүмкүн”, - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости