www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүтүндү бүлдүрүп, талкалатып койсо эч кимди алдыга салбайбыз го чиркин. Курганга караганда, талкалап, талап-тоноп кеткенди өнөр көрөбүз. 

Мына Садыр Жапаров бийликке келгенде тарыхый-маданий имараттардын катарын толуктаган атактуу "Ысык-Көл" мейманкансын буздуруп, ордуна Ак үй салабыз деп түп орду менен талкалатып жок кылды. Ал түгүл бир кара койду курмандыкка чалып, ырымдап жиберишкен эле. 

Андан бери бир жылдан ашты. Иттен жок же ит байлаган жиптен жок дегендей, Ак үйдөн дайын жок. Казынадан болсо “Ысык-Көл” меймаканасын бузууга жана ордуна жаңы Ак үй салууга 1 млрд сом бөлүнгөн экен. Эмне болгонун жан киши билбейт. 

Ушундан көрө, архитектурасы өзгөчө, бышык, бекем салынган имараты талкалап жок кылбастан, ооруканага айландырып койгондо Жапаров элдин алкоосуна арзымак. 

Анткени мейманкананы ооруканага айландырууга тейлөө шарттарына толук жооп бермек.
Башкача айтканда, бейтаптар жатуучу бөлмөлөр жетиштүү эле. Тамак жасоочу ашканасы, атайын кир жуучу жайы, баары даяр болчу. 

Ар бир кабаттана экиден конференц залдар, процедуралык кабинет, лабаратория болмок.

Болгону бул жерге, медициналык кызматкер иштеш керек болчу.

Жайгашкан орду дагы оорукана болгонго ыңгайлуу, жолдон 250-300 метр алыс жайгашып, айланасы тынч, абасы таза жана бейтаптар сыртка чыгып, эс алып басканга көптөгөн бак-дарактары бар эле.

Мына талкалап салып эмне табышты. Ак үйдүн карааны жок. Андан дагы архитектуралык эскизинин долбоору кытайлардын калорити жыттанган имарат. Айтор ботко. Өтө өкүнүчтүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости