www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Очогу Ооганстандын Гиндукуш аймагында катталган 6,8 баллдык жер титирөө Пакистанда сезилип, кеминде эки адам каза болду. Бул тууралуу Dawn басылмасы жазды.

Пакистандын Хайбер-Пахтунхванын табигый кырсыктарды башкаруу башкармалыгынын убактылуу отчетунда чатырлар, дубалдар жана үйлөр урап, эки киши каза болуп, алтоо жараат алганы айтылат. Облустагы сегиз үй жарым-жартылай жабыркаган.

Бирок Сват районунун полиция кызматкери Шафиулла Гандапур эки адам каза болуп, 150 киши жарадар болгонун билдирди.

Күбөлөрдүн айтымында, кеминде 30 секундага созулган катуу жер титирөө Пакистандын көп бөлүгүндө сезилген.

«Элдер үйлөрүнөн чуркап чыгып, куран окуп жатышты», - дешет окуяга күбө болгондор.

Жер титирөө Пакистандын Исламабад, Пешавар, Лахор, Равалпинди, Кветта, Кохат, Лакки Марват, Дера Исмаил Хан, Түштүк Вазиристан жана башка аймактарында да сезилгени белгиленди.

Белгилей кетсек, Ооганстандагы жер титирөө Пакистандан сырткары ЖМКлардын маалыматына караганда Индия, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстанда да сезилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости