www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Папа кечирим сурады

Ватикан шаар мамлекет башчысы жана католиктердин руханий лидери  Папа Франциск 1994 – жылы Руандада болгон кыргында чиркөөнүн жана чиркөө жетекчилеринин күнөөлөрү жана ийгиликсиздиги үчүн кечирим сурады. Папа Францисктин Руанданын мамлекет башчысы Паул Кагамели менен сүйлөшүүсүнөн кийин берилген маалыматта Ватикандын кээ бир католик кечил жана кечил аялдардын жек көрүү жана жырткычтыкка көз жумуу менен диний милдеттерине кыянаттык кылышкандарын кабыл алгандыгын жарыялады.

1994 - жылы Руандада 100 күнгө созулган кыргында 800 миңден ашуун тутси жана хуту, радикал хутулар тарабынан кыргынга учураган. Курбандыктардын көпчүлүгү кечилдер, кечил аялдар жана дин адамдарынын колдорунда каза болуп, кыргындан кутулгандар жана Руанда өкмөтү көптөгөн киши баш калкалаган чиркөөлөрдө өлтүрүлгөндүгүн айтышууда. Өткөн жылдарда жергиликтүү католик чиркөөсү өкмөт жана кутулгандардын айткандарын жалганга чыгарган жана кыргынга катышкан чиркөө кызматкерлеринин обочолонгон кыймыл кылгандыгын айткан болчу.

100 күндүн ичинде 800 миң киши өлтүрүлүп, хуту башкаруусунун жанында  болуу менен күнөөлөнгөн Руанда католик чиркөөсү системалуу кыргындарда чиркөө мүчөлөрү ойногон ролдон улам өткөн жылы кечирим сураган болчу. Католик епископтор конференциясы даярдаган билдирүүдө : «Бардык христиандардын атынан чиркөөнүн жасаган бардык жаңылыштыктары үчүн кечирим сурайбыз. Кудайга болгон антын бузган чиркөө мүчөлөрүн айыптайбыз»,- деп айтылган.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости