www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алакан аркылуу төлгө ачып келген маалыматтарды туура айтып, өзүнүн жасаган ишинен алыскы аралыктан эле үч күндүн ичинде жыйынтык чыгарган касиетке ээ парапсихолог Изумрутхан айым менен маектешкенибизде буларды айтып берди. 

-Изумрутхан айым, деги өзүңүз кайсы кесиптин ээси элеңиз? 

-Мен өзүм Украинанын Харьков шаарынан фармакадемияны бүткөм. Жаш кезимде эле кыргызчылык менен ооруп жүрчүмүн. Кыргызчылыкка мен таптакыр ишенчү эмесмин. Мектепти бүтүп кийин студент болуп жүргөн учурда да оорунун азабын тарттым. Харьковдон окууну бүтүп келгенден кийин бул жакка келип Үч-Коргондогу дарыканада бөлүм башчы болуп иштедим. Ал жакта деле ооруп кыйналып жүрдүм. Анан баардыгы эле “кыргызчылыгың бар” деп айтышса эч ишенчү эмесмин. 

Анан Өзгөн районуна дарыканалардын башчысы болуп иш ордумду котордум. Райондо 11 дарыкана бар болчу. Бул жакта да ооруганыма карабай иштеп жүрдүм. “Кыргызчылыкты мойнуңа алышың керек”, - деп айтышса да эч көнбөй койдум. Ошол учурда Казакстандан бир көзү ачык Кара-Кулжага келген экен. 

Ал дагы мага: “Эже, касиетиңизди мойнуңузга алыңыз. Болбосо тапканыңыз 3 жылдын ичинде ысырап болот, - дегенде ага да ишенген эмесмин. Бирок чын эле ал айткандай бул мезгилдин аралыгында тапкандарымдын берекеси жок болуп кур жалак калдым. Андан кийин Бишкекке келип  республикалык ооруканаларда  иштедим. Бул мезгилде жеке ишкер катары өз алдымча фирма ачтым. 2009-жылдан кийин катуу ооруп калдым. 2010-жылы тун уулумдун көзү өтүп кетти. Анан турмушум бузулуп көптөгөн кыйынчылыктарды көргөндүктөн ден соолугум ого бетер начарлап таптакыр иштей албай калдым. Бирөөлөр менен жолуккум келбей жалгыздыкты каалай баштадым.  Кандай жумуш таппайын эч ишим жүрбөй койду. Ошентип үйдөн эч жакка чыкпай 5-6 жыл отуруп калдым.

-Анан? 

-Анан бул аралыкта телевизорго баарын дарылайт деп  бир психологдун рекламасы чыгып калды.  А мен психикалык жактан оорукчан болуп калсам керек деп психологго барсам орус аял экен. Ал мени Казакстанда жайгашкан “Түркстан” деген эл сыйына турган жерге жиберди. Ошол жакка барсаң ооруңа шыпаасы тийет деп. Анан ошол орус аялдан тышкары биртоп кыргыз аялдарга кошулуп алып ал жакка баргандан кийин, кайра Бишкекке келгиче мурдумдан суу куюлуп кыйналып келдим. Үйүмө келгенде түшүмдө колума теспе кармап алып ихлас сүрөөсүн окуп элди карап жатканымды көрдүм. Анан мени менен “Түркстанга” барган аялдарга түшүм тууралуу айтсам, алар мага көзү өтүп ата-тегимден теспе берилгенин, ошол теспе менен адам көрүшүм керек экенин айтышты. Алгач өзүмө ишенген жокмун, көзү ачык болбосом кантип адам көрмөк элем деп.

Андан кийин дагы “Түркстанга барганымда баягы түшүмдө көргөн теспени ошол жердеги дүкөндөрдүн биринен сатып алдым. Бул жакка бир аз маанайым көтөрүлүп калды. Бир күнү түшүмдө чоң атамды көрдүм. Ал киши тирүү кезинде көрбөй калган элем. Түшүмдө ал киши меникинен чоңураак теспе кармап турган экен. Анан ошондо гана мага теспе ата-тегимден берилгенин билдим. Бул түшүмдөн кийин колума теспе кармаганда эле келген маалыматтарды айта баштадым. 

Көзү ачыктарга барсам көзүм ачыла баштаганын айтышты. Мурда көзү ачыктар тууралуу уксам таң калчу элем, булар эмнеге эле айта беришет деп. Акыры мен да аларга окшоп бир нерсени айтып калдым. Бир туугандарым айтканыма тыюу сала башташты. А мен айтпайын деп канчалык аракет кылсам деле баары бир маалыматтар келгендиктен кантип айтып койгонумду билбей жаттым. Атамдын  80 жашка чыккан эжесине барып бул тууралуу айтсам мурда биздин ата-тегибизде бүбү-бакшылар болгонун, алардан калган касиет кийинки муундан кимге берилээрин күтүп жүргөнүн, бирок айтымчылык касиет мага берилгенин буга чейин эле түшүндө көргөнүн айтып берди. 

Ошентип бир аз кайрылган адамдарды кабыл ала баштаган соң дагы “Түркстанга” 8,9 жолу барып келдим. Ал жакка барган сайын дайыма түш көрчү элем. Бир жолку түшүмдө таңдайымдан узундугу 20 см болгон төрт сөөк чыгып кетти. Устаттарыма айтсам менин тилим ага чейин жети жолу байланганын, ошонун төртөө чечилгенин айтышты. Мен ооруп жүргөндө жакшы сүйлөй албай калган элем да. 

Анан алар мени ошол жердеги онкологиялык оору менен ооруган бир бейтапка ээрчитип барышты. Баарыбыздын алаканыбызда биоэнергия бар эле. Алар оорукчан кызды колу менен кармашканда эч нерсе болбоду.  А мен кармаганда ал кыз кусуп жиберди. Устатым ошондо менин касиетим күчтүү экендигин айтты. Арадан бир-эки күн өткөндөн кийин оорукчан кызды көргөнү дагы бардык. Мени менен чогуу баргандар кызды колу менен кезектешип кармап жатышты. А менин кармагым келген жок.  Анткени  мага кыздын өлө тургандыгы тууралуу маалымат келди. Ошон үчүн кыздын 3-4 күндүн аралыгында өлө турганын анын туугандарына ачык эле айтып салдым. Жанымдагылар болсо нааразы болуп  “кыз өлбөйт” деп  мени жемелешти. Акыры оорукчан кыз мен айткан күндөрдүн аралыгында эле өлүп калды. 

-Мындай учурлар дагы болдубу? 

-Бир күнү үйүмө Аламүдүн базарында иштеген эже келип калды. Бир бейтап бар эле. Базарга иштегендер ошону көргөнү кетишти. Сен ал тууралуу айтып берчи деп атын айтып  суранганда, колума теспени кармаганда эле өлүк зыйнаты болуп жаткан учурду көргөндүктөн жашырбай эле ачык айттым. 

Ал бейтап 5-6 күндөн кийин өлүп калыптыр. Дагы бир жолу Ошто педагогикалык университетте иштеген бир мугалим эжесинин катуу ооруп ооруканада жатканын , анын мындай кийинки абалы кандай болоору тууралуу айтып беришимди суранганда, оорукчан эжесинин бир жарым күндүк эле  өмүрү калганын, ошон үчүн ага көңүлүн оорутпай жакшы мамиле жасоо керек экендигин айтып бердим. 

Ал бейтап угушума караганда мен айткандай эле бир жарым күндөн кийин каза болуп калыптыр. Мен эми ушинтип эле өлө турган адам тууралуу ачык эле айтып салам. 

-Бүгүнкү күндө сизге кайрылгандар кандай көйгөйлөр менен келип жатышат? 

-Учурда иши жүрүшпөгөндөр, үй-бүлөсү менен ажырашып жүргөндөр көп келип жатышат. Эмесе иши жүрүшпөгөндөр тууралуу айтсам, бул дуба жасатып койгон кезде жолу жабылып калат. Андан тышкары аялдар күйөөлөрүн башка бирөөгө барбасын деп жолун байлатып койгон учурларда  күйөөлөрүнүн иши жүрүшпөй кыйналат. Мындай көйгөйлөргө байланыштуу мага келип тазаланып иши жүрүшүп, үй-бүлөсү менен кайра жарашкан адамдар көп эле болду.   Анан бирөөгө карыз адамдар да анын жолун байлатат.

Мисалы, менин өзүмдүн эле башымдан өтүп жатат. Мага да карыз адамдардан  дуба жасаткан кимдер  түшүмдө көрөм. Менден дубасын чыгарткан адамдар дагы көргөн түштөрүндө дубаны кимдер жасатканын көрүшөт. 

-Элге белгилүү адамдардан да кайрылышса керек...

-Мага кайрылган андай адамдар көп эле болгон. А бирок сизге  алардын атын-жөнүн айтпай эле коёюн. 

-Сизге кайрылгандардын арасынан бирөөнү дубалатыш үчүн келгендер да кездешеби? 

-Мен андай жаман иштерди жасабайм. Мен жолу байлангандарды дубадан арылтам.

Мага кайралгандарга айтарым,  кандай иш болсо да жыйынтыгы үч күндүн ичинде билинет.

Булак: Нурислам Кабакбеков, NazarNews.kg

 

Последние новости