www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеш Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрүн шайлады.
БШКнын сегиз адамдан турган курамы беш жылга шайланат жана анын төртөөнү президент, калган төртөөнү Жогорку Кеңеш көрсөтөт.
Президент тарабынан Алмаз Айбалаев, Русланбек Жакышов, Миргүл Темирбаева жана Бөдөш Мамырованын талапкерлиги сунушталган.
Ал эми Жогорку Кеңештен «Эл Үмүтү – Ата-Журт» депутаттык тобу Тынчтык Шайназаровду көрсөтсө, «Ала-Тоо» жана «Ишеним» депутаттык тобу Сүйүнбек Касмамбетовду сунушташкан.
«Ынтымак – Мекенчил» депутаттык тобу Лейла, «Элдик» депутаттык тобу Тимур Оторбаевди көрсөтүшкөн.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында БШКнын мүчөлөгүнө сунушталгандар шайланды.
Буга чейин президент Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн санын 12ден сегизге азайтуу боюнча мыйзамга кол койгон.